• WESTERN UNION

    Комиссия: тарифтик сеткага ылайык
    Валюта: АКШ доллары, россиялык рубль
    Камтуу:

    дүйнө жүзү боюнча 200 өлкөдөн ашык, 235 000 пункттан ашык

    WESTERN UNION

 Western Union тез жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздайт. Вестерн Юнион (Western Union) эл аралык тутуму, акча которуу рыногунда 1851-жылдан бери, башкача айтканда 150 жылдан ашык убакыттан бери иштейт.

«WESTERN UNION» эл аралык акча которуу тутумунда ар бир акча которуу Акча которуунун он белгилүү контролдук  номери менен жабдылган, ал акча которууну тутумда издөөгө же которуунун статусун текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Акчаны алар жөнөтүлгөн кийин бир нече мүнөттөн кийин эле алууга болот.

«WESTERN UNION» компаниясы акча которуу боюнча ишмердүүлүгүн дүйнөнүн 200дөн ашык өлкөсүндө жүргүзөт, 235 000 ашык тейлөө пункту бар.

«WESTERN UNION» тутумунда акча которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн тарифтер төмөндөгүдөй: АКШ долларында – 3,6%дан 6,0% чейин жана россиялык рубльда - 2,9%дан 6% чейин, жөнөтүүнүн суммасына жараша, жөнөтүлгөн акчанын суммасы канчалык чоң болсо, пайыз ошончолук төмөн.

Акча которуу тутумунун уюштуруучусу WesternUnion (NYSE: WU) Америкалык Компаниясы болуп эсептелет. Ал акча которууларды эң жаңы электрондук технологияларды колдонуу менен, өзүнүн уникалдуу бүткүл дүйнөлүк компьютердик тармагы боюнча жүргүзөт.

Вестерн Юниондун тейлөө пункттары банктарда, почта бөлүмдөрүндө, акча алмаштыруу пункттарында ж.б. жерлерде жайгашышы мүмкүн. Россиялык рынокко Western Union 1991-жылы, “Вестерн Юнион ТИ Чыгыш” банктык эмес уюму” ЖЧК туунду компаниясын ачуу менен келген. “Вестерн Юнион ТИ Чыгыш” башкы кеңсеси Москвада жайгашкан. 2009-жылдын аягы менен алып караганда, РФнын аймагында Western Unionдун кардарларды тейлөө боюнча 14000 ашык пункту бар. КМШ өлкөлөрү боюнча Western Union тармагына 35000ден ашык акча которууну кабыл алуу жана төлөп берүү түйүндөрү кошулган.

Валюталардын курсу 21.09.2019

Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 76.8000 77.5000
RUB 1.0860 1.1100
KZT 0.1700 0.1850
Курс
USD 69.8488
EUR 77.2458
RUB 1.0877
KZT 0.1803
Өз төлөмдөрүнө түйүндө байкоо жүргүзүүнүн тез жана ыңгайлуу ыкмасы
 
Кызматтарды төлөгүлө жана каражаттарды дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө которгула