• SWIFT

    Комиссия: тарифке ылайык
    Валюта: АКШ доллары
    Камтуу:

    дүйнөнүн 198 өлкөсүндөгү 7 000 ден ашуун ири банктар жана финансылык уюмдар.

    SWIFT

1973-жылы Европанын жана Түндүк Американын 15 өлкөсүнөн 239 банк, финансылык уюмдардын ортосунда маалыматтарды алмашуу үчүн эл аралык тутумду түзүү максатында Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunications – SWIFT – Бүткүл дүйнөлүк банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коомдоштугун түзүшкөн. Бүгүнкү күндө SWIFT финансылык телекоммуникациялар тармагында алдыңкы эл аралык уюм болуп эсептелип,  бүт дүйнө жүзү боюнча финансылык билдирүүлөрдү ыкчам, коопсуз жана толук ишенимдүү жөнөтүүнү камсыздайт. Азыркы учурда дүйнөнүн 198 өлкөсүнөн 7 000 ден ашык ири банктар жана брокердик фирмалар, баалуу кагаздар компаниялары, биржалар, борбордук депозитарийлер ж.б. сыяктуу финансылык уюмдар SWIFTти колдонушат.

SWIFT Эл аралык банктык эсептешүүлөр тутуму банктар аралык эсептешүүлөрдү жакшыртуу үчүн түзүлгөн. SWIFT түзүүнүн башкы максаты – анын бардык катышуучуларына банктык маалыматтар менен алмашуу үчүн күнү-түнү иштеген жогору ылдамдыктагы тармакта  иштөөгө мүмкүндүк берүү.

Валюталардын курсу 17.11.2019

Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 76.9000 77.7000
RUB 1.0850 1.1100
KZT 0.1700 0.1820
Курс
USD 69.8500
EUR 76.8979
RUB 1.0878
KZT 0.1797
Өз төлөмдөрүнө түйүндө байкоо жүргүзүүнүн тез жана ыңгайлуу ыкмасы
 
Кызматтарды төлөгүлө жана каражаттарды дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө которгула