Төлөм карталары

«Толубай» АКБ ЖАКы  Сизге  «Элкарт» төлөм картасы боюнча тейлөөнү сунуш кылат.

Биздин Банктын кардары жана «Элкарт» төлөм картасынын ээси болуу менен Сиз:

  • Ири суммаларды өзүңүз менен кошо алып жүрүү зарылдыгынан арылуу аркылуу Банктагы жеке эсепте акчаларды сактай аласыз. Картаны жоготуп жиберсеңиз, Сиз акчаларды жоготпойсуз, алар Банктагы эсепте калат. Картаны ээси гана колдоно алат, анткени карта төрт маанилүү жашыруун код менен корголгон, аны Сиз гана билесиз. Аны жоготуп же уурдатып жиберген учурда аны токтотуп жана жаңысын алсаңыз болот.
  • «Элкарт» тейлеген соода-кызмат көрсөтүү ишканаларында жана май куюучу станцияларда комиссияларды төлөбөй туруп  товарларды жана кызматтарды төлөө.
  • Күнү-түнү иштеген банкоматтарда накталай акча каражаттарын алуу.
  • Өз чыгымдарын контролдоо: Банк төлөм картасын колдонуу жана бардык операцияларды жана аларды жасаган жерлерди көрсөтүү аркылуу Сиздин карта счетуңуз боюнча көчүрмө берет.
  • SMS-билдирүү кызматынан пайдалануу (Сиздин телефонго жүргүзүлгөн транзакциялар тууралуу отчет келет).
  • Карта счетуна кошумча салымдарды Банктын каалаган филиалында жана аманат кассасында салуу.
  • Акча каражаттарын картадан картага «Элкарт» системасынын алкагында банкомат аркылуу которуу.

 

 

«Элкарт» төлөм картасын тейлөө боюнча ТАРИФТЕР

Жеке адамдар үчүн

  •  Картаны берүү менен карт-эсептерди ачуу – 120 сом
  •      Накталай кылуу:

      •     Өз банкынын инфраструктурасында – 0,4%

      •     Башка банктардын инфраструктурасында – 0,6%

  •      Пайыздарды чегерүү ай сайын – 3%
  •      Карт-счетту толуктоо – акысыз

 

Айлык акы  долбоору боюнча

  •      Картаны берүү менен карт-эсептерди ачуу – 120 сом
  •      Эсепти жүргүзүү үчүн жылдык акы – 100 сом
  •      Накталай кылуу:

      •     Өз банкынын инфраструктурасында – 0,4%

      •     Башка банктардын инфраструктурасында – 0,6%

  •      Пайыздарды чегерүү ай сайын – 3%
  •      Карт-счетту толуктоо – акысыз
  •  

 «Элкарт» айлык акы долбоорунун артыкчылыгы -   «Элкартты» тейлеген банкоматтарда жана накталай акчаларды берүү пункттарында бүткүл республика боюнча айлык акыны тез жана убакытты үнөмдөө менен алуу.

 

 «Элкарт» төлөм картасын алуу үчүн кардарга төмөнкүлөр керек:

 

  •     «Толубай» АКБ ЖАК төлөм карталары бөлүмүнө паспорт менен келүү;
  •     «Элкарт» төлөм картасын колдонууга алуу үчүн Анкета толтуруу;
  •     Арыз-милдеттенмеге  жана «Элкарт» картасын жана Карт-эсепти тейлөө боюнча Келишимге кол коюу;
  • Банк тарифтерине ылайык картаны чыгарууну төлөө;
  • 5 (беш) календардык күн ичинде кардар Картаны ала алат, алган учурда «Элкарт» төлөм картасын Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коет.

Ай сайын карт-счеттун акча каражаттарынын орточо айлык калдыгына пайыздар чегерилет.

 

Жеке адамдар жана айлык долбоор боюнча тейленүүчү адамдар үчүн чегерилүүгө тийиштүү ай сайын пайыздардын өлчөмү жылдык 3% түзөт.

 

      «Толубай» АКБ ЖАКында «Элкарт» төлөм картасын тейлөө тармагы:

Банкоматтар:

  •  «Толубай» АКБ ЖАКынын башкы кеңсеси - Бишкек шаары, Үмөталиев көч., 105
  •  «Толубай» АКБ ЖАКынын  Бишкек филиалы - Бишкек шаары, Л. Толстой көч., 10
  •  «Толубай» Толубай-Батыш АКБ ЖАКынын филиалы - Бишкек шаары, Токтогул көч., 247

 

Терминалдар:

  • «Толубай» АКБ ЖАКынын башкы кеңсеси - Бишкек шаары, Үмөталиев көч., 105
  •  «Толубай» АКБ ЖАКынын  Бишкек филиалы - Бишкек шаары, Л. Толстой көч., 10
  •  «Толубай» Толубай-Батыш АКБ ЖАКынын филиалы - Бишкек шаары, Токтогул көч., 247
  • № 032-0-01 Аманат кассасы – Бишкек шаары, Киев көч., 95 а
  • № 032-0-03 Аманат кассасы – Бишкек шаары, Ахунбаев көч., 129-2

Валюталардын курсу 03.06.2020

Сатып алуу Сатуу
USD 73.1000 73.8000
EUR 80.0000 83.0000
RUB 1.0400 1.0900
KZT 0.1600 0.2000
Курс
USD 73.4927
EUR 81.8635
RUB 1.0542
KZT 0.1797
Өз төлөмдөрүнө түйүндө байкоо жүргүзүүнүн тез жана ыңгайлуу ыкмасы
 
Кызматтарды төлөгүлө жана каражаттарды дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө которгула