Тике дебеттөө

Турак-жай коммуналдык төлөмдөрүн төлөө үчүн «Толубай» АКБ ЖАКы «Түздөн-түз дебет берүү» заманбап кызматын сунуш кылат. Эгерде Сиз счетторду өз убагында төлөгүңүз келсе, кассалардын жанында кезекте тургуңуз келбесе жана убактыңызды үнөмдөгүңүз келсе, бул кызмат Сиз үчүн. Бул кызмат Сизге кандайдыр-бир көйгөйлөрсүз турак-жай коммуналдык кызматтарынын бардык эсептерин төлөөгө мүмкүндүк берет.

 

Бул үчүн Сиз төмөнкүлөрдү аткарышыңыз керек:

Биздин банкка паспортуңуз менен келишиңиз керек;

Эсепти ачууга анкета-арыз толтурушуңуз зарыл;

Түздөн-түз дебет берүү түрүнө кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимге кол коюшуңуз керек;

Түздөн-түз дебет берүү түрүндө акча каражаттарын которууга арызды толтурушуңуз керек;

Алуучу үчүн буйрукту толтурушуңуз керек.

 

 

Сиз бул кызматтын бардык артыкчылыктарын дароо байкайсыз:

  •      Бардык төлөмдөрдү так мөөнөтүндө төлөө;
  •       Эсептерди төлөгөндөн кийин ар бир кардар көчүрмө алат;
  •      Сиздин убакытты үнөмдөө.
  •  

Валюталардын курсу 05.07.2020

Сатып алуу Сатуу
USD 76.3000 77.0000
EUR 84.5000 87.5000
RUB 1.0750 1.1200
KZT 0.1700 0.2100
Курс
USD 78.7872
EUR 89.0098
RUB 1.1172
KZT 0.1944
Өз төлөмдөрүнө түйүндө байкоо жүргүзүүнүн тез жана ыңгайлуу ыкмасы
 
Кызматтарды төлөгүлө жана каражаттарды дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө которгула