Ипотека

Ипотеканын башкы артыкчылыгы турак-жай сатып алууга керектүү сумманы көп жыл топтоонун ордуна азыр жаңы квартирада (же үйдө) жашоо мүмкүнчүлүгү пайда болгону болуп саналат. Ошол эле учурда ипотека боюнча сатып алынган турак-жай дароо ипотека кредитинин карыз алуучусунун менчиги болуп эсептелет. Жаңы турак-жайда карыз алуучу жана анын үй-бүлө мүчөлөрү каттала алат. Мындан тышкары, ипотеканын дагы бир катар «артыкчылыктары» бар: ипотека кредитинин карыз алуучусуна мүлктөн салыктык алып салуу берилет, ал турак-жай сатып алууга сарпталган суммадан жана ипотека боюнча пайыздардан киреше салыгын төлөбөйт; кредит берүүнүн узак мөөнөтү ипотека боюнча төлөмдөрдү анча көп эмес, жана демек, анча түйшүктүү эмес кылат.

Негизги талаптар – кирешелерди документтик тастыктоо (айлык акы, депозиттер, ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер, башкасы), кыргыз жарандыгынын болушу, бир жерде бир жылдан кем эмес иш стажысы, кредит боюнча кепилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү ж.б.

Күрөөлүк камсыздоону камсыздандыруу – мүлктүн баасынан болжол менен 0,2 % жакын (кардар тандап алган камсыздандыруу компаниясына жараша болот).

Ипотека кредитин алуу үчүн Банкка тапшырылуучу документтер:

  • Карыз алуучунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, анын Кепилдик берүүчүлөрүнүн, Күрөө берүүчүсүнүн паспорттору;
  • Кирешелердин көлөмүн жана Карыз алуучунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, анын Кепилдик берүүчүлөрүнүн акыркы 12 айдагы кармап калууларынын өлчөмүн тастыктаган документтер, бизнес боюнча документтер ж.б.
  • Сатып алынуучу кыймылсыз мүлктүн документтери;
  • Зарыл болгон учурда башка документтер.
  • Кредитти төлөө - аннуитеттик төлөмдөр менен же кредитти пайдаланганы үчүн пайыздарды ай сайын төлөө аркылуу бирдей үлүштөр менен ай сайын жүргүзүлөт.
  • «Толубай» Банкынын ипотекасынын шарттары:
  • Мөөнөттөр – 5-7 жыл

 «Толубай» банкынын ипотекасынын шарттары: Мөөнөттөр – 5-7 жыл

Карыз алуучунунун жеке салымы 40%    

KGS валютада берилүүчү кредитке Банктын пайыздык чени

USD валютада берилүүчү кредитке Банктын пайыздык чени

Эффективдуу пайыздык чени KGS валютада 

Эффективдуу пайыздык чени USD валютада

19%

17%

20,74%

18,39%

   

Кредиттик калькулятор

Насыянын суммасы
Пайыздык чен
Пайыздардын жалпы суммасы
Төлөмдөрдүн суммасы
 

Эсептин жайынтыгын болжол маалымат катары пайдаланыңыз. Так маалыматты банка кайрылып адистерден билсениз болот.

Валюталардын курсу 17.11.2019

Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 76.9000 77.7000
RUB 1.0850 1.1100
KZT 0.1700 0.1820
Курс
USD 69.8500
EUR 76.8979
RUB 1.0878
KZT 0.1797
Өз төлөмдөрүнө түйүндө байкоо жүргүзүүнүн тез жана ыңгайлуу ыкмасы
 
Кызматтарды төлөгүлө жана каражаттарды дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө которгула