Эсеп ачуу жана жүргүзүү

«Толубай» АКБ ЖАКы Сизге чет өлкөлүк валютада эсептик-кассалык тейлөө боюнча кызматтарды сунуш кылат. Эсептешүү счетун ачуу жана тейлөө АКЫСЫЗ. Сиз эсептик счетту жүргүзүү үчүн эч кандай комиссия төлөбөйсүз.
Жеке адамдар үчүн  (резиденттер жана резидент эместер):
– Эсепти ачууга анкета-арыз;
– Банк кызматкеринин катышуусунда коюлган жана бул кызматкердин колу менен эки нускада күбөлөндүрүлгөн жеке адамдын колунун үлгүсү бар карточка. Банк салымынын келишими боюнча счетту ачуу үчүн кол коюлган үлгүсү бар карточканын бир нускасы жетиштүү;

Жеке адамдын колу менен күбөлөндүрүлгөн паспорттун көчүрмөсү (өзүндө түп нускасы болсун). Банк салымынын келишими боюнча счетту ачуу үчүн жеке адамдын паспортун көрсөтүү жетиштүү;
Ата-энеси же башка мыйзамдык өкүлдөр же үчүнчү жактар тарабынан пайдасына эсеп ачылып жаткан кардар он алты жашка чыга элек адам болсо, анын пайдасына эсеп ачылып жаткан кардар жөнүндө маалыматты камтыган арыз, ошондой эле эсепти ачкан адам жөнүндө маалыматтар; ата-энесинин же үчүнчү жактардын инсандыгын күбөлөндүргөн документ, жана кардардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, эсептеги акча каражаттарын тескөөгө укуктуу адамдардын колдору коюлган карточка берилет.

Чет өлкөлүк валютада жеке адамдарга эсептешүү счетун ачуу жана жүргүзүү –акысыз:
Валюталык эсепте калдыктын бар экендиги  тууралуу маалымкаттарды тапшыруу (жеке адамдар үчүн) - 200 сом;
Чет өлкөлүк валюталардын эсептик курсу жөнүндө маалымкаттарды берүү - 50 сом;
Үстүбүздөгү жылдагы мезгил ичинде топтомо көчүрмөнү берүү – 10 сом, мурунку жылдар үчүн 20 сом;
Улуттук валютада жеке ишкер үчүн эсептешүү счетун калыбына келтирүү – 100 сом, чет өлкөлүк валютада – 100 сом;
Үстүбүздөгү жылдагы көчүрмөнү калыбына келтирүү – 1 даана үчүн 5 сом, мурунку жылдар үчүн – 1 даанасы үчүн 20 сом.

Валюталардын курсу 21.09.2019

Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 76.8000 77.5000
RUB 1.0860 1.1100
KZT 0.1700 0.1850
Курс
USD 69.8488
EUR 77.2458
RUB 1.0877
KZT 0.1803
Өз төлөмдөрүнө түйүндө байкоо жүргүзүүнүн тез жана ыңгайлуу ыкмасы
 
Кызматтарды төлөгүлө жана каражаттарды дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө которгула