Банк жөнүндө

 «Толубай» банкы 1996-жылдын 24-январында 14 жеке адам тарабынан 5 млн. сом уставдык капиталы менен түзүлгөн.  1996-жылдын 24-январында он төрт негиздөөчү – он төрт жаш, ак ниет пикирлештер «Толубай» акционердик коммерциялык банкын түзүштү, анын баштапкы уставдык капиталы 5 млн. сомду түздү. Банк түзүү жөнүндө кыялга негиздөөчүлөр дароо эле келишкен жок. 90-жылдардын башында алардын бир бөлүгү Москва шаарынын ЖОЖдорунда, бир бөлүгү – Бишкектин ЖОЖдорунда билим алышты. Кийинчерээк алардын эмгек жолу башталды: бирөөлөрү – студенттик чарба-эсептик бирикмелерде иштешти, ишкердик менен алектеништи, башкалары – Москванын фондулук биржаларында акциялар менен операцияларды жүргүзүштү, Москва шаарынын банктарында иштешти. Ишкерлердин, банкирлердин чөйрөсүнө түздөн-түз аралашуу, алардын ишинин көйгөйлөрүн жана артыкчылыктарын талдоо сабаттуу, ишенимдүү, билимдүү адамдардын колунда түзүүчү инструменттин чексиз мүмкүнчүлүктөрүнө ээ, коомдун жыргалчылыгынын өсүшүнө кандайдыр-бир деңгээлде таасир тийгизе ала турган инструментти – банк түзүү жөнүндө ойго алып келди.

«Толубай» АКБ өзү иштеген биринчи күндөн баштап иштин төмөнкү принциптерин негиз кылып алды:

  • Кадрларды тандоонун сынактык ыкмасы, анын негизги талабы билимдер болуп саналат  
  • Адистердин кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатып туруу
  • Минималдуу баалар боюнча талап кылынган банк кызматтарынын толук ассортиментин берүү

Жаңы багыттарды өздөштүрүүдөгү аябай кылдаттык

Кардарлар менен ишкердик сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүдө максималдуу ийкемдик

Дайыма изденүү, кызматтардын жаңы, альтернативалуу түрлөрүн ишке киргизүү

Банктын жетекчилиги менен ишкердик баарлашуунун жеткиликтүүлүгү

  
Эң алгачкыдан баштоо менен, Банк, эски экономикалык системанын эрежелери жана догмалары менен чектелбестен, өз каада-салттарын түзө алды, ошондой эле ишке карата принциптүү жаңы мамилелерди иштеп чыгып жана кесиптик жамаатты тарбиялай алды.

«Толубай» АКБсынын стратегиялык линиясы КРУБ талаптарын, дүйнөлүк стандарттарды жана акционерлердин каалоосун эске алуу менен уставдык капиталдын бара-бара өсүш динамикасы болуп саналат. Өз ишмердигинин жылдары Банк Уставдык капиталын 5 млн.сомдон 235 млн.сомго чейин көбөйттү. Банктын киреше өлчөмүнүн бир топ өсүшү, жогорку кесипкөй, ишенимдүү ишкер өнөктөш катары кадыр-баркка жетүү жана чыңдоо – мунун баарысы банк кызматкерлеринин талыкпас эмгегине, майда ишкерлерден баштап ири кампанияларга жана мамлекеттик структураларга чейин ар бир кардарга жеке мамиледен улам жетишилди. Аяктап бара жаткан жыл Банкты түзүүдө баяндалган принциптердин натыйжасын текшерүү мезгили болду. Банк экономикалык бороон-чапкындардын басымына татыктуу туруштук гана бербестен, өсүп жана чыңдала алды деп канааттануу менен айтууга болот.

Валюталардын курсу 17.07.2019

Сатып алуу Сатуу
USD 69.4500 69.7500
EUR 77.9000 78.6000
RUB 1.0950 1.1250
KZT 0.1750 0.1850
Курс
USD 69.5663
EUR 78.2308
RUB 1.1075
KZT 0.1818
Өз төлөмдөрүнө түйүндө байкоо жүргүзүүнүн тез жана ыңгайлуу ыкмасы
 
Кызматтарды төлөгүлө жана каражаттарды дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө которгула