Размер шрифта
Интервал
Изображения
+ 996
 
312
 

"Толубай" Банк 24-январь, 1996-жылы 14 физикалык жак тарабынан 5 млн. сом Уставдык капиталы менен түзүлгөн.

1996-жылдын 24-январында он төрт уюштуруучу - он төрт жаш, намыскөй тилектештер "Толубай" акционердик коммерциялык банкын түзүшкөн, анын баштапкы уставдык капиталы 5 млн. сомду түзгөн. Банк түзүү жөнүндө кыялга уюштуруучулар дароо эле келишкен эмес. 90-жылдардын башында алардын бир бөлүгү Москванын жогорку окуу жайларында, башка бөлүгү - Бишкектин жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан. Бир аз кийинчерээк алардын эмгек ишмердүүлүгү башталган: бирөөлөрү студенттик чарбалык эсептик бирикмелерде ишкерлик менен алектенишкен, башкалары Москванын фондулук биржаларында акциялар менен операция жүргүзүшкөн, Москванын банктарында иштешкен. Ишкерлердин, банкирлердин чөйрөсүнө түздөн-түз сүңгүп кирүү, алардын ишмердигинин көйгөйлөрүн жана артыкчылыктарын анализдөө банк түзүү - сабаттуу, ишенимдүү, билимдүү адамдардын колундагы чектелбеген мүмкүнчүлүктөргө ээ жаратуучулук шайманды, коомдун жыргалчылыгынын өсүшүнө олуттуу даражада таасир этүүгө жөндөмдүү шайманды түзүү идеясына алып келди.

"Толубай" АКБсы өзүнүн алгачкы күндөрүнөн баштап эле иштөөнүн төмөнкүдөй принциптерин негиз катары кабыл алышкан:

  • Кадрларды тандоонун конкурстук ыкмасы, мында негизги талап болуп билим эсептелет;
  • Адистердин кесиптик деңгээлин тынымсыз жогорулатуу;
  • Талап кылынган банктык кызматтардын толук ассортиментин минималдуу баалар менен сунуштоо;
  • Жаңы багыттарды өздөштүрүүдө мүмкүн болушунча сактык;
  • Кардарлар менен ишкерлик сүйлөшүү жүргүзүү учурунда максималдуу ийкемдүүлүк;
  • Дайыма изденүү, кызматтардын жаңы, альтернативалуу түрлөрүн киргизүү;
  • Банктын жетекчилиги менен ишкерлик баарлашуу мүмкүнчүлүгү.

Нөлдөн баштап, Банк, эски экономикалык тутумдун эрежелерине жана догмаларына байланбастан, өз салттарын түзө алды, ишке принципиалдуу жаңы мамилелерди иштеп чыкты жана кесипкөй жамаатты тарбиялады.

"Толубай" АКБсынын стратегиялык линиясы болуп КРУБдун талаптарын, дүйнөлүк стандарттарды жана акционерлердин каалоолорун эске алуу менен уставдык капиталдын өсүү динамикасынын жогорулашы эсептелет.

Өз ишмердигинин мезгилинде Банк Уставдык капиталды 5 млн дон 736 млн сомго чейин өстүрдү.

Пайданын олуттуу көлөмү, Банктын жогорку кесипкөй, ишенимдүү ишкерлик өнөктөш катары репутацияга жетиши жана бекемдеши - мунун баары банктын кызматкерлеринин кайратман эмгегинен, ар бир кардарга - майда ишкерлерден баштап ири компанияларга жана мамлекеттик структураларга чейин олуттуу, жекече мамиле кылышынан улам жетишилди. Аяктап жаткан жыл Банктын түзүлүшүндө эске алынган принциптерди текшерүү мезгили болуп калды. Банк экономикалык бурганактардын соккусуна татыктуу каршы туруп гана тим болбостон, өсүүгө жана чыңдалууга да жетише алганын канааттануу менен белгилей алат.