Размер шрифта
Интервал
Изображения
+ 996
 
312
 

Карта КРнын аймагында нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн, пенсия алуу үчүн арналган.

"Элкарт - Пенсионерлик карта" төлөмдүк картасын колдонуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

– Акча каражаттарын каалаган мезгилде, Сизге ыңгайлуу болгон жерде алуу
– Товарларды жана кызматтарды POS-терминалдар аркылуу төлөөгө;
– Акча каражаттарын картадан картага которууга;
– Өз чыгымдарыңызды SMS-кабарлоо аркылуу көзөмөлдөө;
– "Золотая Корона" аркылуу акча которууларды алуу;
– Эсептин калдыгына жылдык 3% өлчөмүндө кошумча киреше алуу;
– "Интернет Банкинг" кызматынан пайдалануу;
– Кызматтарды "Элкарт Мобайл" аркылуу төлөө..

 


"Элкарт - Пенсионерлик карта" төлөмдүк картасын тейлөө боюнча тарифтер

Карт-эсеп ачуу жана карта берүү - акысыз

Накталоо:

  • Өз банкыңыздын инфратүзүмүндө - 0,0%;
  • Башка банктардын инфратүзүмүндө - 0,3%.

Ай сайын пайыз кошуп эсептөө - жылдык 3%

Карт-эсепти толуктоо - акысыз.

"Элкарт" төлөмдүк картасын алуу үчүн кардарга төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

  • "Толубай" АКБ ЖАКынын Төлөмдүк карталар бөлүмүнө паспорт жана пенсиялык күбөлүк менен келүү;
  • "Элкарт" төлөмдүк картасын пайдаланууга алуу үчүн Анкетаны толтуруу;
  • Арыз-милдеттенмеге жана "Элкарт" картасын жана Карт-эсепти тейлөө боюнча Келишимге кол коюу;