Размер шрифта
Интервал
Изображения
+ 996
 
312
 
Турак жай маселесинин чечилиши!

Толубай Банктан ипотека - сиз даяр болгон чечим!

Ипотеканын башкы артыкчылыгы турак жай сатып алуу үчүн зарыл сумманы көп жылдар бою топтоонун ордуна азыртан эле жаңы батирде (үйдө) жашап калуу мүмкүнчүлүгү жаралганында. Ошол эле учурда ипотека боюнча сатып алынган турак жай дароо ипотекалык насыянын карызгеринин менчиги болуп калат. Жаңы турак жайда карызгер жана анын үй-бүлө мүчөлөрү каттала алышат. Андан тышкары да ипотеканын бир катар "плюстары" бар: ипотекалык насыянын карызгерине мүлктүк салыктык чыгарып салуу берилет, ал карызгердин турак жай сатып алууга сарпталган суммага жана ипотеке боюнча пайыздарга киреше салыгын төлөбөгөнүнүн эсебинен ипотека боюнча пайызды иш жүзүндө төмөндөтөт; насыялоонун узак мөөнөтү ипотека боюнча төлөмдөрдү өтө чоң эмес, демек, өтө оор эмес кылат.

Негизги талаптар - кирешелердин (маяна, депозиттер, ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер ж.б.) документалдык тастыкталышы, кыргыз жарандыгынын болушу, бир жерде бир жылдан кем эмес эмгек стажы, насыя боюнча кепилдөөчүлөрдү тапшыруу мүмкүнчүлүгү ж.б.

Күрөөлүк камсыздоону камсыздандыруу - болжол менен мүлктүн наркынын 0,2%ына жакын (кардар тандаган камсыздандыруу компаниясына байланыштуу болот).

Негизги артыкчылыктары:

  • 1-3 иш күндүн ичинде каралат;
  •  

Ипотекалык насыя алуу үчүн Банкка тапшырылуучу документтер:

  • Паспорт (никеге туруу жөнүндө күбөлүк, никени үзүү жөнүндө күбөлүк ж.б.);
  • Карызгердин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, анын Кепилдөөчүлөрүнүн акыркы 12 айдагы кирешелеринин көлөмүн жана жүргүзүлүүчү кармап калуулардын өлчөмүн тастыктоочу документтер, бизнес боюнча документтер ж.б.;
  • Сатып алынып жаткан кыймылсыз мүлккө документтер;
  • КРӨ алдындагы ЖРМА алдындагы "Кадастр" ММден маалымкат;
  • Зарыл учурда башка документтер;
  • Насыяны жоюу аннуитеттик төлөмдөр менен жүргүзүлөт.

"Толубай" Банктын ипотекасынын шарттары:

Мөөнөтү - 5-7 жыл

  • Баштапкы төлөм - 30%дан кем эмес;
  • KGS менен пайыздык чен - 17% - 21%;
  • USD менен пайыздык чен - 14% - 18%;
  • KGS менен натыйжалуу пайыздык чен - 18,39% - 23,14%;
  • USD менен натыйжалуу пайыздык чен - 14,93% - 19,56%.